Төрт облустагы ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчилер дайындалды (тизме)

Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматында айтылат.

ИИМдин буйругу менен жаңы дайындалган жетекчилер:

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп Канат Жумагазиев дайындалды. Буга чейин ал Ысык-Көл ОИИБинин начальниги кызматын ээлеп келген;

Жеңиш Абитов Жалал-Абад ОИИБинин начальниги болуп дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБнин жектекчиси болгон;

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп Жеңиш Жоробеков дайындалды. Ал мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги болчу;

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп Орунбай Кочкоров дайындалды. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын ээлеген.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 28-декабрда онлайн кеңешме өткөрүп, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына дайындалган жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды.

"Өзүңүздөр күбө болгондой, Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган жагымсыз окуялардан улам айрым облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин ротациялык түрдөгү дайындоолорду ишке ашырдык. Мекенибиз үчүн, коомчулугубуз үчүн талыкпай күнү-түнү кызмат кылып, жогорку жетишкендиктерге жетүү керектигин белгилейм. Себеби сиздерге чоң ишеним артып, жооптуу кызматты аркалоого жана элге ак ниет кызмат өтөөгө жөнөттүк",- деди Улан Ниязбеков.

Белгилей кетсек, Кочкор районундагы милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө чара көрбөгөн окуяга байланыштуу бир катар жетекчилер кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан