Кочкор районундагы милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө чара көрбөгөн окуяга байланыштуу бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМден маалымат таратышты.
Маалыматта айрым кызматкерлерге тартип жаза берилгени да айтылат.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында төмөндөгү жетекчилер жана кызматкерлер тартип жазаларын алышты. Мындай чечим онлайн кеңешмеде каралган.
Кызматынан бошотулган жетекчилер:
- Нарын ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги А.Джумабеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
- Нарын ОИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги А.Усеналиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
- ИИМ КИИБнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облусу боюнча начальниги милициянын майору А.Билдебаев, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Э.Токтосун уулу, ыкчам өкүл милициянын капитаны Б.Асанов, ыкчам өкүл милициянын капитаны А.Маратбек уулу ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду;
- Нарын ОИИБнын Ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү милициянын майору У.Омоков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
- 2022-жылдын 7-ноябрында Кочкор РИИБнин жетекчиликтен жоопкерчиликтүү, милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын капитаны А.Абдыкеев, Кочкор РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны А.Капаров, Кочкор РИИБнин аймактык тескөөчүсү милициянын капитаны А.Мурзабек уулу ички иштер органдарынын катарынын биротоло бошотулду;
- Ал эми Кочкор РИИБнин нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын ага лейтенанты З.Кожокматов, Кочкор РИИБнин нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткөрүнүн жардамчысы милициянын ага прапорщиги Ч.Иманалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Тартип жазасы берилген кызматкерлер:
- Нарын ОИИБнин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги А.Кудайбердиевге, Нарын ОИИБнин начальнигинин кызмат боюнча орун басары милициянын полковниги Р.Мурзакматовго, Нарын ОИИБнин начальнигинин кадр боюнча орун басары милициянын полковниги М.Турпанбаевге жана Нарын ОИИБнин Штабынын начальниги милициянын полковниги А.Токтосуновго “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди;
- ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, начальниги, милициянын полковниги О.Акпаровго “сөгүш” тартиптик жазасы берилди;
- Кочкор РИИБдин начальниги А.Абыкеевдин жоопкерчилиги ИИОнун катарында кызмат өтөшү соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат;
- Кочкор РИИБнин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Б.Эрменовго “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди;
- Кочкор РИИБнин начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-кылмыш иликтөө кызматынын начальниги М.Алиевдин жоопкерчилиги ИИОнун катарында кызмат өтөшү соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат;
- Кочкор РИИБнин начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын подполковниги К.Садыбакасов менен Кочкор РИИБнин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары милициянын подполковниги Н.Садыровго “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди.
"Жалпы 22 кызматкер тартип жазасына тартылды. Ал эми 9 кызматкер ээлеген кызмат ордунан бошотулса, 3 кызматкер ИИОнун катарынан бошотулду. Калгандары тартип жазаларын алышты" деп жазылат ИИМдин маалыматында.
Кечээ, 26-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков Кочкордо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн калкалап, чара көрбөгөн милиция кызматкерлери жоопко тартыларын айткан болчу.
Эске салсак, буга чейин Кочкордо кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар милиция кызматкерлери кармалганы маалымдалган.