“Бүгүнкү күндө ички дүң продукция 10 пайызга өстү, ишкерлерге ишеним бар”,- деп билдирди бүгүн, 9-декабрда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Жарандардын коопсуздугун, жеке менчигин камсыз кылуу” деген темада өткөн тегерек столдо. Кыргызстанда уюштурулган митингдердин саны кыскарганын айтты ал.
Оторбаев 2014-жылы өлкөдө соттордун айлыктарын жогорулатуу пландары бар экенин кошумчалады.