Мамлекеттик геология жана минералдык
ресурстар агенттиги 2013-жылы
9 ай ичинде 54 соттук
ишке катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрдагы маалымат жыйынында Мамлекеттик геология
агенттигинин директорунун орун басары Акылбек Маралбаев билдирди.
Анын айтымында, бул отчёттук мезгилде агенттик каралган 54
иштин 12син утуп алган. Бир соттук иштен жеңилген жана 41 иш боюнча соттук
териштирүү улантылып жатат.
"Көпчүлүк иштер кенди иштетүү укугуна берилчү
лицензияга берилген комиссиянын чечимдерин жокко чыгарууга байланыштуу болуп
жатат",- деди Маралбаев.
Мындан сырткары Мамлекеттик агенттиктин негизги
функцияларынын бири жерди пайдаланууга укук берүү болуп саналарын кошумчалады.