
Өлкө башчы
Садыр Жапаровдун дарегине бир катар жаңы жылдык куттуктоолор келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда президенттин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын катарында чет элдик мамлекет лидерлери, өкмөт жана парламент башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана башкалар бар.
Садыр Жапаровду Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Египеттин президенти Абдель Фаттах Аль Сиси, Ирактын президенти Абдул Латиф Рашид, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов куттуктады.
"Мындан сырткары куттуктоо телеграммасын Түркмөнстандын Эл Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Орусиянын Федералдык жыйын Федерация кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Чжан Мин, Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Хиссейн Брахим Таха жөнөттү", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Орусиянын президенти
Владимир Путин менен Казакстандын президенти
Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчысын жана жалпы кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктаган болчу.