“Замандаш-Современник” саясий партиясынын жетекчилиги алмашты. Буга чейин партиянын теңтөрагалык кызматын аркалап келишкен Садык Шер-Нияз менен Эмил Өмүракунов орундарын башкаларга өткөрүп беришти. Бул туурасында аталган партиянын басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, мындан ары партияны беш тең төрага башкарат. Мындай чечим 6-декабрда өткөн партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алыныптыр.
Жакында эле энергетика жана өнөр жай министринин орун басарлыгынан кеткен Сапар Асанов, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Таалай Сагынов менен Станислав Епифанцев жана Кумар Стамкуловдор “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тең төрагалык кызматына шайланышты. Ал эми бешинчи тең төрагалыкка орун азырынча бош.