Президент: "Өлкө аймагындагы аэропорттор оңдоодон өтөт"

Нарын, Казарман, Кербен жана Талас аэропорттору оңдоодон өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал учурда Каракол аэропорту жаңы салынып жатканын, иш кызуу жүрүп жатканын билдирген.

"Кудай буюрса, июнь айында ишке берилет. Эл аралык аэропорт болот. Бул аэропорт бүтөрү менен Нарын, Казарман, Кербен, Талас аэропорттору оңдоодон өтөт. Ички аба каттамдарды активдүү учурабыз", - дейт Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Yahoo
2023-01-09 22:55:00
Кызыл-кия аэропортун да ондоп бергиле,жок дегенде Бишкеке чейин учуп туралы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан