Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттик келерки жылы 3 негизги багытта иш алып барат

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттик келерки жылы 3 негизги багытта иш алып барат. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрдагы маалымат жыйынында аталган агенттиктин директорунун орун басары Акылбек Маралбаев билдирди. 
Анын айтымында, агенттикте тоо-кен иштерин жүргүзүүдө кагылыштардын санын азайтуу жана жоюу үчүн жергиликтүү коомчулук менен кеңири түшүндүрүү, маалымат иштерин жүргүзүү максатында атайын бөлүм түзүлмөкчү. Алар жайгашкан жерлерде ай сайын аукциондор өткөрүлөт. Аукцион тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын чет элдик өкүлчүлүктөрүнө жана Кыргызстандагы элчиликтерге  таркатылат. 
Мындан сырткары инвесторлорду тартууда биргеликте иш алып баруу үчүн долбоор киргизүү пландалууда. Андан кендерди ишке киргизүү иши тездетилишине шарт түзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан