Москвада мигранттар акысыз тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өтүшөт

Москва шаарында чет өлкөлүк жарандардын башкаларга коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын бар же жоктугуна кошумча (тереңдетилген) текшерүүдөн өткөндүгү үчүн акы төлөө жокко чыгарылды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кыргыз тараптын кайрылуусунан кийин жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен элчиликтин биргелешкен ишинин натыйжасында кабыл алынган.

"Москва шаарынын «Көп функционалдуу миграциялык борбор» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин аймагында жүргүзүлгөн медициналык изилдөөлөрдүн тизмеси кеңейтилди. Аны менен катар башка медициналык мекемелерге жиберилбестен аталган Борбордун аймагында жугуштуу оорулардын бар-жоктугуна кошумча (тереңдетилген) медициналык текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Чет өлкөлүк жаран жугуштуу оорунун диагнозу тастыкталган жана тийиштүү дарылоону талап кылган учурда Москва шаарындагы адистештирилген медициналык уюмдарга жөнөтүлүүгө тийиш. Бул учурда жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн акы алынбайт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан