Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 24 жаштагы Кыргыз жараны бөтөлкө менен сабалып, ооруканада каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя 1-январь күнү болгон. Анда Санкт-Петербург шаарынын тургуну мас абалында Кыргыз жараны менен мушташып жатып, аны бөтөлкө менен башка чапкан. Жыйынтыгында кыргыз жигити ооруканага жеткирилип, 7-январь күнү ооруканадан каза болгон.
Бул кылмышка шектүү кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.