ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Ош" аэропортуна каттамдар эки сааттан кийин жанданышы мүмкүн

Бүгүн, 11-январда окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, "Манас" эл аралык аэропортунда Ош шаарына каттам кармалып жатканын айткан.

"Бүгүн саат 11:45те Ошко учмакпыз. Биз аэропортко 11:15те келдик. Аэропорттор жабык болгондуктан каттам кармалып жатканын айтышууда. Эртең мененки 4 каттам деле учкан эмес экен. Аба майданында эл көп. Эки балам менен келгем. Эне-бала үчүн даярдалган бөлмөлөрдө балалуу энелер көп.

Каттам качан учары белгисиз. Эмнеге Кыргызстандын экинчи борбору болгон Оштун аэропортун карашпайт? Эмнеге кызматкерлер өз ишин так аткарбайт? Каттам кармалса алдын ала айтышпайбы? Ага жараша пландап келет элек" деген окурман.

Маалыматтарга ылайык, "Ош" эл аралык аэропорту 11-январда түнкү саат 00:15тен тарта кардын калың жаагандыгына байланыштуу ишин убактылуу токтоткон. Аэропорт аба ырайы жакшырса, тагыраагы бүгүн саат 20:00дөн баштап каттамдарды жандандырат.

"Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, учурда кызматкерлер "Ош" аба майданынын айланасын кардан тазалап жатышат.

"Учурда аэропорттун кызматкерлери аэродромдун учуу-конуу тилкесин, рулеждук жолчолорун, учактар токтоочу жайларын жана аэробекеттин аймагын кардан тазалоо үчүн күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Ошондой эле аэропортто учуп кетүү мүмкүнчүлүгүн күтүп жаткан жүргүнчүлөргө абалды түшүндүрүү жана аларды тамак-аш менен камсыздоо иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Толук маалыматты төмөнкү телефон номурлары аркылуу билсе болот:

  • «Манас» аэропорту: +996 (312) 69-31-09
  • «Ош» аэропорту: + 996 (3222) 90101 (сурап билүү кызматы (24/7).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2023-01-11 21:36:00
Кайра кайра айтып жатышты элего суук болот суук болот деп кыз боозуса энесин коркутат болбогула туугандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан