Былтыр президенттик администрацияга жарандардан 20 миңге жакын кайрылуу келген

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясына жарандардан 19 844 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кайрылуулардын көп бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан – 4742 кат түшкөн (жалпы каттардын 37,5 пайызы). КМШ мамлекеттеринде жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган жарандардан 101 (жалпы каттардын 0,8 пайызы) кайрылуу түшкөн.

- Жарандардын бардык кайрылууларынын үчтөн бирин сот жана укук коргоо органдарынын ишине карата даттануулар жана арыздар түзөт – 3512 (27,8 пайызы).

- Турак жай жана аны куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси боюнча 1580 жаран (12,5 пайызы).

- Жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү башка маселелер боюнча 1162 жаран (9,2 пайызы).

- Социалдык кызматтардын ишине, эмгек акынын, пенсия жана жөлөкпулдардын аздыгына, жеңилдиктерди жана материалдык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле дарыланууга жана кымбат баалуу операцияларга 1314 жаран (10,4 пайызы) даттанышкан.

- Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча – 758 жаран (6,0 пайызы).

- Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, жарандык берүү жана ырайым кылуу боюнча – 745 (5,9 пайызы).

- Курулуш, архитектура, транспорт жана коммуникация тармагында – 366 (2,9 пайызы).

- Кредиттер боюнча карыздарды төлөө жана анын мөөнөтүн узартуу, кредиттерди жана ссудаларды берүү боюнча (пайызсыз же төмөн пайыз менен) - 303 (2,4 пайызы) жаран кайрылган.

Бардык келип түшкөн кайрылуулар президенттин администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүндө каралып, ошондой эле аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карооcуна анын натыйжалары тууралуу арыз ээлерине маалымдоо иретинде жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан