Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев Беларуста 2 кабаттуу хан сарай салдырып жатат. Муну беларустук маалымат булактары жарыялашты. Хан сарай (сүрөттө) супер престиждүү делген аймакка курулуп жатат. Төмөндө өз иштери менен алек болуп жаткан куруучулар менен журналисттин кыскача маеги:
Журналист: Бул үйдүн кожоюну менен кантип сүйлөшсөм болот, айта аласызбы?
Куруучу: Ой, бул оңой эмес. Ал жок азыр, бардык маселени прораб чечет.
Ж: - Кожоюн өзү качан келет?
К: - Кээде гана келет. Жан сакчылары менен.
Ж: - Кожоюн тараптан кимдир бирөө силердин ишиңерди көзөмөлдөсө керек?
К: - Кожойке. Ал да айына бир жолу гана келет. Жипте, ал да жалгыз келбейт.
Ж: - А силер кимге үй куруп жатканыңарды билесиңерби?
К: - Бакиевге куруп жатабыз. Ушуну гана сизге айткан жокпуз, эмне болгон күндө да пресса...
Ж: - Бул жерде иш көптөн бери жүрүп жатабы?
К: - Көп эле болуп калды.
Айта кетсек, сүйлөшүү сунушу менен кайрылган журналистке прораб "жок" деп жооп бергени айтылды.