Борбор калаа Бишкекте жылынуу түйүндөрүнө 500гө жакын адам кайрылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, убактылуу пункттарда жарандарга ысык чай берилип, жылынууга шарттар түзүлгөн.
Свердлов районунда жайгашкан пункттарга 208 адам кайрылып, ал эми Ленин районундагы пункттарга 150 адам кайрылган. Ал эми Октябрь районунда 60 адам кайрылса, Биринчи май району боюнча убактылуу жылытуу түйүнүнө 63 адам барган.
Эске салсак, жылынуу түйүндөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы борбордун мэриясы менен биргеликте уюштурган. Ал үчүн чатырлар тигилип, ар бир пунктта ӨКМ кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болушат.
Жылынуу түйүндөрү кечээ, 11-январдан тартып иштеп баштаган.