Президент Садыр Жапаров Орусиянын Башкортостан Республикасынын башчысы Радий Хабировго көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Башкортостандын биринчи президенти Муртаза Рахимовдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Мен Муртаза Губайдуллович Рахимовдун дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Муртаза Рахимов Орусиянын региондорунун абройлуу башчыларынын бири болуу менен Башкортостандын өнүгүшүнө жана гүлдөп өсүшүнө эбегейсиз салым кошкон. Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөм жана Муртаза Губайдулловичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтууңузду өтүнөм", - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.