Чүй облусундагы Жайыл районунун тургуну милицияга өз эрки менен курал тапшырды. Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 6-декабрда Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына бир аял кайрылган. Ал 20-ноябрь күнү Ак-Башат айылында ок атуучу курал таап алгандыгын айткан. Факт боюнча текшерүү жүрүп жатат. Чүй ОИИБ куралды өз эрки менен тапшыргандарга мыйзамга ылайык сыйлык каралгандыгын билдирди.