Нарын облусунун Кочкор районунда 11,46 гектарга бардык шарты менен заманбап мал базар курулуу пландалып жатат. Бул туурасында президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Нарын облусунун жетекчиси Кочкорго жасаган сапарында жаңы курула турган мал базардын баштапкы долбоору менен таанышкан.
Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев билдиргендей, Кочкор районунун Ак-Кыя айылына курула турган мал базардын аянты 11,46 гектарды түзмөкчү. Ичине 250 баш жылкы, 300 баш бодо мал, 800 баш майда жандык бата тургандай салынарын айтышты.
Мындан сырткары, 58 жүк ташуучу, 400 жеңил автоунаа бата турган автоунаа токтоочу жай курулмакчы. Учурда жерди трансформациялоо иштери жүрүп жатат.