2023-жылы бажы төлөмдөрүнөн 94,6 миллиард сом түшүүсү күтүлүүдө

Бажы кызматынын быйылкы жылдык планы 94,6 миллиард сом өлчөмүндө бекиди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул сумманын ичинен 73 миллиард сому кошумча нарк салыгынан түшөт.

"Пландык көрсөткүч Каржы министрлиги тарабынан коюлду. Тиешелүү анализдер жүргүзүлүп, бажы кызматы дагы өз оюн айтты. Кытайдан товарлардын келүү көлөмү бүгүнкү күндөй болсо, алсак, "Торугарт" бекетинен тарыхта болбогондой 202 унаа жүгү менен өттү. Ушундай темп менен кетсек, анда планды ашыгы менен аткарабыз", - дейт ал.

Мындан сырткары Исабеков өткөн жылдын январь-декабрь айларында Бажы кызматы тарабынан 74,3 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыз болуп, план 100,8 пайызга аткарылган же 604,8 миллион сомго көп чогултулганын кошумчалады.

“2021-жылдын ушул мезгилине карата бул сумма 46,9 миллиард сомду түзгөн. Тагыраак айтканда, ушул жылы 12 айда 27,4 миллиард сомго көбүрөөк чогултулган, ал эми өсүү темпи 158,5 пайызды түзгөн. Мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрүн 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырсак, анда бажы кызматы тарабынан 40 миллиард сомго көп берилген. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,5 миллиард сомго көп. Ошондой эле 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31 миллиард сомго көп”, - деди Исабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан