Кыргызстан мектептериндеги 3 предмет бириктирилет. Бул тууралуу билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов билдирди. Анын айтымында, кеп жашоо коопсуздугунун негиздери, адеп жана мекен таануу сабактары тууралуу болуп жатат.
“Тактап айтканда, жаңы предмет ушул үч сабактын материалдарын камтыйт”, - деди ал.
Учурда бул 3 предметти бириктирип, материалдарын камтыган жаңы сабакты түзүү иштери жүрүп жатат.