Бишкекте изделип жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылды

Бишкек шаарында 7-январдан бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Акылбек Таалайбеков табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ал кечээ, 11-январда болжол менен саат 21:00дө Бишкектин аймагында аман-эсен табылган.

"Милиция кызматкерлери баланы ата-энесине өткөрүп берип, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 8-январда милицияга Бишкек шаарынын Т.К. аттуу тургуну (аял киши) кайрылып, 14 жаштагы уулу Акылбек Таалайбековду табууга жардам берүүнү суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан