
Бүгүн, 13-январдан 19-январына чейин Кыргызстандын стратегиялык маанидеги Бишкек – Ош унаа жолунда артиллериялык жабдыктарды колдонуу менен кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Тактап айтканда, 13-январда Бишкек – Ош автоунаа жолунун 132-135-чакырымындагы Төө- Ашууда жана 198-чакырымында, Суусамыр – Талас –Тараз жолунда улантылат.
Тоо баштарынан көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү учурунда унаа каттамдары маал-маалы менен жабылып турат.
"Аталган иш-чараны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында түзүлгөн ыкчам топтун курамындагы Кыргызгидрометтин кар көчкү коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери, Транспорт жана комуникация министрлиги, ИИМ, Башкы штаб менен биргеликте жогорудагы көрсөтүлгөн жумушту аткарышат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.