Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсант кызын сүзүп, качып кеткенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсык 9-январь күнү болгон. Анда Ички иштер министрлигинин Академиясынын 24 жаштагы курсанты Айза Улан кызы Республика жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп бара жатканда унаа сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Кыз алган жаракатынан улам каза болгон.
24 жаштагы кызды сүзүп кеткенге шектелип 1974-жылы туулган У.Н. аттуу жаран кармалды.Учурда кармалган жаран Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.