Жалал-Абад облусунда учурда милициянын 11 көчмө кабылдама унаасы иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жыл ичинде көчмө кабылдама унаалар жалпы 827 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 1183 жаранды кабыл алган. Жарандардан жалпы 1108 ар түрдүү мазмундагы арыз жана кайрылуулар келип түшүп, 798 кайрылуу боюнча жеринде юридикалык кеӊештер берилип, чечилген. 38 факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 195 укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулган.
"Көчмө кабылдама тургундардын, айрыкча алыскы тоолуу айыл элинин көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүү үчүн берилип, кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууда кызмат кылат. Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жарандардын коопсуздук жана социалдык маселелерге байланыштуу арыз-даттанууларын жеринде кабыл алышып, профилактикалык иштерди жүргүзүшөт.
Элге сервистик тейлөө көрсөтүүдө, калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууда көчмө кабылдама унааларынын ролу чоӊ. Алар Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо райондорунда иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>