Республикалык олимпиада качан өтөрү белгилүү болду

Республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы 19-20-январда өтөт. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Анда айтылган маалыматка ылайык, райондук этапка мектептик баскычта 1-2-3-орунду алган окуучулар катышат.

"Олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт.

Олимпиада күндөрү жер-жерлерде олимпиаданын жүрүшү боюнча суроолорго жооп берүү жана чараларды көрүү үчүн министрликте ыкчам байланыш телефондору иштейт", - деп жазылат маалыматта.

Байланышуу үчүн телефондор: 0312 66 23 70, 0701 74 48 03 (ватсап).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан