"Вечерний Бишкек" газетасы гезиттин жабылышы тууралуу макала жарыялаганы үчүн Kaktus.media сайтын сотко берди. Бул тууралуу редакциянын дарегине жөнөтүлгөн билдирүүдө айтылат.
Буга "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылышы жана кызматкерлердин жумуштан бошотулушу тууралуу кабар себеп болгон. Доонун жалпы суммасы 50 миллион сомду түзөт. Анын 25 миллион сому журналист, башкы редактор жана негиздөөчүдөн талап кылынса, калган 25 миллион сому сайттын өзүнөн талап кылынган.
"Вечерний Бишкек" газетасы "Кактус Медиа" сайтында чындыкка дал келбеген жана доогердин ишкердик аброюна шек келтирген маалыматтар камтылганын белгиледи. Анткени "Вечерний Бишкек" гезити жабылбай, өз ишин улантып жатат.