"Кудайберген" базары мамлекетке 70 миллион сом кошумча салыкты төктү

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын тууганы мамлекетке төлөнбөгөн 70 миллион сомдон ашык салыкты төктү. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев билдирди.

"Кудайберген" базары жеке ишкер Мусакожоева Чынар Бейшеевага таандык. Декабрь айында салык кызматы тарабынан көчмө текшерүү жүргүзүлгөн. Ошонун жыйынтыгында 70 миллион 749 миң сомдой кошумча салык өндүрүлгөн. Декабрь айында ал салыктар толугу менен бюджетке төгүлдү", - деди Кыдыргычев.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында Эльвира Сурабалдиеванын жакындарына таандык "Кудайберген" базары 70 миллион сом салык төлөбөй жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2023-01-13 15:58:00
Сурабалдиева менен соодалаша албай калышыптыр да а
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан