Министрлер кабинетинде туризмди өнүктүрүү долбоорлору сунушталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө "Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коому тарабынан иштелип жаткан долбоорлор сунушталды.

Атап айтканда, Раззаков шаарындагы 4 жылдыздуу мейманкана комплексинин, Баткен облусундагы санаториялык-курорттук комплекстин жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин долбоорлору көрсөтүлдү.

"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун өкүлдөрү 960 миллион доллар суммасындагы 32 бирдиктен турган санаториялык-курорттук объектилер тармагын өнүктүрүү долбоорун сунуштады. Ошондой эле "Ак-Кеме" мейманканасын калыбына келтирүү, өлкө аймактарында глемпинг түйүндөрүн өнүктүрүү, Бишкек шаарына жакын жерде кароо аянтчасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган жогоруда аталган долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан