Өкмөт: "Өткөн жылы ички дүң продукциянын көлөмү 7 пайызга өстү"

Өлкөдө ички дүң продукциянын көлөмү 7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан маалымдады.

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2022-жылдын январь-декабрында ички дүң продукциянын көлөмү 919 миллиард сомдон ашуун сумманы түзүп, 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 7,0 пайызга өстү.

Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, өткөн жылдын январь-декабрь айларында ИДПнын көлөмү болжол менен 864 миллиард сомду түзүп, 5,9 пайызга өскөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан