Эдил Байсалов Монголиянын элчиси Ганхуяг Содном менен жолукту

2023-жылы Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге чыгышы керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Монголиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушууда билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

"Кыргызстан менен Монголиянын элдеринин көп кылымдык достук жана бир туугандык байланыштары бар жана биз эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана тереңдетүүгө умтулабыз", - деди Эдил Байсалов.

Ганхуяг Содном өз кезегинде монгол тарап эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан