Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчёттуулугунун стандарттары бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматында билдирди.
Чечим "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу алкагында кабыл алынган, ага ылайык, коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары өлкө аймагында бюджеттик мекемелер колдонгон бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат.
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчёттуулугу стандарттарына өтүүсү мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп системасын базар экономикасынын талаптарына ылайык келтирүүгө, бардык кызыкдар колдонуучулардын маалыматка жетүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык абалдын жана натыйжалардын объективдүү картинасын камсыз кылат.
Белгилей кетсек, бул министрлер кабинетинин 2023-жылы өтүп жаткан алгачкы кеңешмеси. Күн тартибинде 10дон ашуун маселе каралган.