"Аалам сулуусу-2023" эл аралык сынагынын уюштуруучулары Кыргыз өлкөсүнөн кечирим сурашты. Бул тууралуу аталган сынакта Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Алтынай Ботоярова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Белгилүү болгондой, буга сынактын алкагында Кыргызстандын атынан катышып жаткан Алтынай Ботоярованы Казакстандын аруусу деп тааныштырганы себеп болгон.
Бул көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, талкууга алынган.
Бир нече жолку эскертүүдөн кийин сынактын уюштуруучулары катачылык үчүн Кыргызстандан кечирим сурашты.
"Биздин команда жакында Жаңы Орлеанда шаарында алдын ала иш-чарасында өлкөнүн атын туура эмес айткандыгы үчүн Кыргызстандан кечирим сурайт", - деп айтылат билдирүүдө.
АКШнын Нью-Орлеан шаарында өтүп жаткан "Аалам сулуусу-2023" сынагынын финалы бүгүн, 14-январда болот.
Жалпысынан сынакка 86 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.