Ошто арматура менен буту жанчылган жаран өзүнө келди

Ош шаарында сабалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн бири өзүнө келди. Бул тууралуу анын жубайы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал жогоруда аталган окуяда күйөөсү аман калганын билдирип, учурда өзүнө келип сүйлөп калганын билдирген. Мындан сырткары жалган маалымат таратпоого чакырган.

Бул маалыматты Ош шаардык милициясы да тастыктап, сабалган жарандардын бири тирүү жана ооруканада экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон. Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалган болчу.

Кечээ күнү милиция аталган кылмышка шектүү катары үч жаранга издөө жарыялаган эле. Бүгүн дагы эки жаранга издөө жарыяланды.

Алар:

  • Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
  • Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
  • Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.
  • Чубаков Нурбек, 1991-жылы туулган. Өзгөн районунун тургуну
  • Абдивали уулу Актилек, 1992-жылы туулган. Өзгөн районунун тургуну.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-01-14 15:49:00
Кыргызстанда мыйзам мурункудан бир аз айрымаланып иштеп баштагандай, бирок бийлик Ошко жакшы көңүл бурбай жатасыңар! көзүм менен көрүп келдим
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан