Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 13-январда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча дагы эки адамга бул кылмышка шектүү катары издөө жарыяланды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Алар:
1.Чубаков Нурбек, 1991-жылы туулган. Өзгөн районунун тургуну;
2.Абдивали уулу Актилек, 1992-жылы туулган. Өзгөн районунун тургуну.
Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза
болгон. Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы үч жаран издөөгө
алынган болчу.