Камчыбек Ташиев Азия чемпионатына жөнөп жаткан спортчулар менен жолукту

Бүгүн, 14-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев Азия чемпиондугуна катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Камчыбек Ташиев курама командага ийгилик каалап, мушкерлер чоң байгелүү орундарга ээ болушун каалады. Ошондой эле УКМК төрагасы ар бир Кыргызстандык спортчунун жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүсү күч болуп, таалыкпай эмгек кылып, аракеттен тайбаса сөзсүз жеңишти багындыраарын айтты.

Өз кезегинде, өлкө жетекчилиги да спортчуларга өзгөчө маани берип, алардын машыгуусуна ар тараптуу шарт түзүп берүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Ал эми Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчулар УКМК төрагасына ыраазычылык билдирип, өлкө желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарды багындырууга болгон күч аракетин жумшаарын убадалашты.

Белгилүү болгондой, Азия чемпиондугу 16-27-январь күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтөт. Аталган чемпионат 22 жашка чейинкилер арасында өтүп, Кыргызстандан 12 мушкер, 3 машыктыруучу жана бир калыс барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан