Ошто адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран Чүйдөн кармалды (видео)

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран Чүй облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө банктын жанынан 1993-жылы туулган А.Н. аттуу жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдардын тобу сабап өлтүргөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, ошол эле түнү 1995-жылы туулган Н.М. аттуу дагы бир жаран оор абалда бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн.

Аталган факты боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, 14-январда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүүгө аракеттенип жаткан издөөдө жүргөн Коргонбай уулу Эламан жана Раимберди уулу Акылбек кармалды.

Милициядан белгилешкендей, азыркы учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар беш жаранга издөө жарыяланган.

Ошто адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран Чүйдөн кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан