Президент аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жаңы жылдык белектерди берди

Президент Садыр Жапаровдун атынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектер берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, жаңы жылдык белектерди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев тапшырды.

Коомдун аярлуу катмарындагы аз камсыз болгон жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан тандалып алынган. Алардын балдарына уюлдук телефон берилип, жалгыз бой энелерге акчалай жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев тиешелүү жергиликтүү бийликтин жетекчилерине балдардын мектептердеги төлөмдөрүнөн бошотуу, жылытуу мезгилинде көмүр менен камсыздоо тапшырмаларын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан