Бүгүн, 15-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, маал-маалы менен туман түшүп турат.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас жергесинде -6...-11;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -3...-8;
Ош шаарында -5...-9;
Ысык-Көлдө -4...-9, ал эми Нарында -18...-23;
Бишкекте -8...-10 градус суук болот.