"Бишкек жылуулук энерго": "Учурда жалпы 66 от казан тынымсыз иштеп жатат"

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын 66 от казаны учурда тынымсыз иштөөдө. Алардын 22си жаратылыш газы менен, 22си көмүр менен иштеп жатат.

Калаа мэриясы билдиргендей, ишкана шаардын батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн: Жал кичи району, Аскердик шаарча, Газ шаарча, Орто-Сай, Калыс-Ордо конуштары жана Жумушчулар шаарчасынын аймагын тейлейт.

"Жалпысынан ишкана калкты, 40 мектепти, 14 бала бакча ,12 мамлекеттик мекеме, 212 жеке ишканананы кышкысын жылуулук менен камсыздайт" деп жазылат маалыматта.

Жарандар суроо- талаптар боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0312 21-29-06 диспетчерлик кызмат, 0701 777-110 What`sApp.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан