Акылбек Маралбаев: “Кыргызстандын түштүгүндө алтын кендери табылды”

Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин ишинин жыйынтыгында өлкөнүн түштүгүндө келечектүү алтын кендери табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрдагы маалымат жыйынында Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин директорунун орун басары Акылбек Маралбаев билдирди. "Алар Кеней, Заг-Кашка-Суу, Кош-Мойнок, Оң жээк кендери. Аталган кендер болжолдуу бааланып жана чалгындоо-баалоо иштери үчүн сунушталды. Ошондой эле темир, көмүр, фосфорит жана кен эмес чийки заттарды чалгындоо, издөө жумуштары улантылып жатат",- деди Маралбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан