Бүгүн, 16-январда Ички иштер министрлиги Ош шаарында бир адам каза болуп, бири жаракат алган кылмыштуу топтордун ортосундагы чуу боюнча маалымат берип жатат.
Анда Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге журналисттерден "Криминал менен күрөшкөнгө күч жетиштүүбү. Акыркы убакта алар эмнеге көбөйүп жатат?", - деген суроо берилди.
"Биздин күч жетиштүү. Криминал көбөйүп жатат деген туура эмес. Президент тарабынан бизге тапшырмалар берилген. Биз ар бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн көзөмөлгө алып, мурдагы иштери болобу, майда иштери болобу кылмыш жообуна тартып жатабыз", - деди Абдиев.