ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун III туру башталды

Бүгүн, 16-январда жогорку окуу жайларына келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун III туру башталды. Талапкерлерди каттоо 18-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Белгилүү болгондой, кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 19-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.

"ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 2023-жылдын 21-январы саат 16:00го чейин тастыкташы керек. Эгерде абитуриент окууга болгон каалоосун ырастабаса, анда бул орун кийинки турда бош болот", - деп жазылат маалыматта.

I турда 371 талон катталып, ЖОЖдор 355 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Анын 291и окууга болгон каалоосун тастыктаган.

II турда 210 талон катталып, ЖОЖдор 206 абитурентти кабыл алууга сунуштаган. Андан 180 абитурент окууга болгон каалоосун ырастады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан