Милиция Жайылдагы ооруканада каза болгон кыз боюнча териштирүү иштерин баштады

Чүй облусунун Жайыл районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 6 жаштагы кыз каза болгону маалымдалган. Облустук милициядан аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдашты.

Чүй ОИИББи билдиргендей, 15-январда милицияга ооруканадан маалымат түшкөн. Анда 14-январда Жайыл районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна 2016-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну бронхопневмония, дем алуу кемтиги диагнозу менен түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы, 15-январда саат 10:05те кыз каза болуп калганы айтылган.

Аталган факты Жайыл РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда окуянын чоо-жайы боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан