2014-жылы Орусия Кыргызстанга баасы 1 миллиард долларлык заманбап курал-жарак берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу КРнын Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов “Ооганстан жана Борбордук Азия 2014-жылда: Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аймактагы туруктуулукту сактоодогу ролу” аталышындагы тегерек столдо билдирди. Анын айтымында, Орусиядан кайсы куралдар келери азыр белгисиз. Мындан сырткары 2014-жылдын июль айында ЖККУнун аскердик машыгуулары Кыргызстанда өтөрүн да кошумчалады ал.