Өлкөдөн долларды алып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Өлкөдөн накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында кол койгон.

Чечимге ылайык, төмөнкүдөй убактылуу тыюу салуу белгиленген:

– резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден көп накталай доллар суммасында;

– Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10 миңден көп накталай доллар суммасында;

Кыргызстандын жарандары жана резиденттери 10 миң доллардан көп суммасында накталай долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 пайыз өлчөмүндө төлөм алынат.

Андан сырткары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына накталай АКШ долларын алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан