Непалда кыйраган учактын кара кутусу табылды

Непалдын жарандык авиация башкармалыгы Покхарада кыйраган Yeti Airlines учагынын учуу маалыматтары жана кабинадагы жазгычтар табылганын билдирди. Бул тууралуу чет лдик басылмалар жазышты.

"Азырынча 68 адамдын сөөгүн таптык. Дагы төртөөнү издеп жатабыз. Сөөктөрдү алганга чейин издөөнү улантышыбыз керек. Керемет болсун деп тилеп жатабыз. Бирок тирүү адамды табуу үмүтү нөлгө барабар", - деген жергиликтүү бийлик өкүлү Тек Бахадур.

Кара кутудагы маалыматтар тергөөчүлөргө өлкөдөгү акыркы отуз жылдагы эң кандуу авиакырсыкка эмне себеп болгонун аныктоого жардам берет. Учурда кара куту тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, ATR 72 жүргүнчү учагы жекшемби күнү Катмандудан Каски шаарынын Покхара районуна кулап түшкөн. Учакта 68 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. Алардын арасында эки ымыркай жана он чет элдик жаран бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан