Түркиянын өндүрүүчү күчү МУСИАД Кыргызстанда кеңсесин ачты (фото)

Түркиянын өндүрүүчү күчү МУСИАД (MÜSİAD) Эл аралык бизнес-ассоциациясы Кыргызстанда кеңсесин ачты.

Ишкерлер биримдигинин ачылыш аземине Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргызстандын Соода Өнөр-жай палатасынын жетекчисинин орун басары Элмира Бакаева, Түркиядан МУСИАД төрагасынын орун басары Давут Алтунбаш баштаган ондон ашык ири ишкерлердин делегациясы, МУСИАДдын Кыргызстандагы активдүү мүчөлөрү, жергиликтүү бизнес ассоциациясыларынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, МУСИАД Көз карандысыз өндүрүш жана ишкерлер биримдиги 1990-жылы Түркияда түптөлгөн. Ассоциация бүгүнкү дүйнөнүн 81 өлкөсүндө иштеп келет. Чет мамлекеттерде бизнес бирикменин 165тен ашык кеңсеси бар. Түркияда МУСИАД бизнес ассоциациясынын 84 филиалы ачылган. Ассоциация 13 000 мүчө, 60 миң ишканасы менен өлкө ичинде 2 миллиондон ашык кишини иш менен камсыздап келет.

Ал эми Кыргызстанда болсо бизнес бирикмеге эң ири делген азырынча 16 ишкана мүчө болуп катталган. МУСИАД өндүрүш жана ишкерлер биримдигинин башкы максаттарынын бири Кыргызстан менен Түркия ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү болуп саналат. Бул демилге Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жолугуушууларында көтөрүлгөн. Эки өлкө жетекчилеринин жигердүү максаттарын ишке ашыруу үчүн МУСИАД түрк инвесторлорун Кыргызстанга тартуу, ал эми Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды болсо Түркияга сатууга көмөк көрсөтүүнү көздөйт. Бул максаттарды ишке ашырууда МУСИАДдын мүмкүнчүлүгү жогору. Анткени МУСИАД Эл аралык бизнес-ассоциациясы Түркияда мамлекеттик колдоого ээ болгон саналуу бирикмелердин бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан