Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул туурасында бүгүн, 17-январдагы ведомствонун маалыматында айтылат.
Анда Жапаров бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырып, социалдык объектилердин курулушу менен таанышат. Ошондой эле облустун тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Андан ары төрага Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барат. Ал жерде да бир катар жолугушууларды өткөрүп, айрым социалдык жана өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышмакчы.