ЖКнын тийиштүү комитети Польшадан насыя алууга багытталган макулдашууну колдоду

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин жыйынында “Жардам берүү алкагында 40 миллион евро өлчөмүндө насыя берүү жөнүндө Кыргызстан-Польша өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуу долбоору тууралуу” маселе каралды.

Маалыматка таянсак, насыя 0,15 пайыз менен 25 жылга берилет. Насыя акча түрүндө эмес, айыл чарба техникасы түрүндө берилет. Анын 55 пайызы Польшадан өндүрүлгөн техникалар болсо, 45 пайызы башка компаниялар менен уюмдардын Польшада дистрьюбиторлугу менен өндүрүлгөн товарлары болмокчу.

Талкууда комитет мүчөлөрүнүн суроолорунан кийин кайсы тармактагы техникалар алынары азырынча белгилене электиги, Айыл чарба министрлигине аймактардагы дыйкандардын муктаждыктарын эске алуу менен техникалардын тизмесин түзүү тапшырмасы берилгени белгилүү болду. Депутат Эркингүл Иманкожоева насыя алууда аны төлөөнүн механизмин дагы так иштеп чыгып көрсөтүү зарылдыгын билдирди.  

Жыйынтыгында аталган макулдашууну колдоо чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан