ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну кайрылып, 3 күндөн бери электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жаткандыгын айтып, мындай жагдай тургундар үчүн ыңгайсыздык жаратып жатканын билдирген.
Бул боюнча "Баткен электр тармактар" ишканасына байланышканыбызда абалды түшүндүрүп беришти.
"Аба ырайынын суук болгонуна байланыштуу керектөөчүлөр тарабынан электр энергиясына керектөө өсүп, биздин жабдуулар көтөрө албай жатат. Учурда элдин көпчүлүгү көмүр колдонбостон электр энергиясын колдонууда. Мындан улам ушундай абал жаралып жатат. Биздин бригада тез жана ыкчам аракет менен электр энергиясын берүүнү жолго салып жатат. Учурдан пайдаланып электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып кетебиз", - деп билдиришти тийиштүү мекемеден.
Мындан тышкары, Баткен облусунда электр шаймандарын жана жабдууларын төмөнкү убакыт аралыгында колдонбоону өтүнүштү: