Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жыл башынан бери алты ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, министрлик тез арада перинатология боюнча алдыңкы адистердин курамынан турган комиссия түзүп, аталган оорукананын бөлүмүнө жөнөткөн. Текшерүүдө акыркы учур 15-январда катталганы белгилүү болуп, оорукананын директору Мирбек Сагынбаев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулган.
"Учурда комиссия мүчөлөрү тарабынан перинаталдык өлүмдүн бардык учурлары талданууда. Жакынкы арада бул иштер ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча ыкчам штабда жеринен каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт.
Азыркы тапта Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйү дезинфекциялык иш-чаралар үчүн жабылды. Бардык кош бойлуулар жана төрөт учурундагы аялдар Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнө жөнөтүлүүдө. Керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар толугу менен камсыздалган", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле бул жагдай Саламаттыкты сактоо министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө экени айтылды.